Сутка ичинде республиканын аймагында 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, өрттү өчүрүүгө 49 бөлүм тартылды.
Алардын ичинен Бишкекте 9, Ош шаарында 1, Ош облусу боюнча 5, Чүйдө 14, Жалал-Абадда 6, Таласта 1, Ысык-Көлдө 3, Баткенде 4 өрт кырсыгы катталды.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.