Египетте ит багуу үчүн алгач каттоодон өтүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу Egyptian streets басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Египетте 14-июндан тарта “кооптуу жаныбарлар” тууралуу мыйзам күчүнө кирген. Анда иттердин жана экзотикалык жаныбарлардын айрым породаларына ээлик кылууга тыюу салынган.
Мыйзамга ылайык, питбуль, ротвейлер, немис овчаркасы, хаски, мамалут, немис жана аргентиналык мастифтер сыяктуу ит породалары бийлик тарабынан “кооптуу” деп табылган.
Мындай жаныбардын ээси үй жаныбарын текшерүүгө тапшырышы керек, анда порода каттоого ылайыктуу же кооптуу экени аныкталгандан кийин гана багууга уруксат берилет. Жаңы мыйзамга баш ийбеген ит ээлери, эгерде алардын үй жаныбарлары башка адамга же жаныбарга зыян келтирсе, 323 доллар айыпка жыгылышы мүмкүн.
Ал эми аталган мыйзамдын көчө иттерине тиешеси жок экени айтылды.