Таш-Көмүрдө 7 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 7 жашар бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, 15-июнда саат 10:30 чамасында "112" кызматына Новостройка айылынын 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле ал Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги айтылган.

Жерине министрликтин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Издөө иштеринен натыйжа болгон эмес жана кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Издөө иштери бүгүн да улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан