Чүйдүн Сокулук районунда 17 жаштагы Нурболот Роман уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милиция билдирет.
Маалымдалгандай, ал 11-июнь күнү Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, чачы кыска, кара түстө.
Кийген кийими: ак футболка, кара шым, башында ак такыя болгон.
Изделип жаткан адам тууралуу билгендер 0708 73 11 73 жана 0558 86 14 86 телефон номерлерине кайрылса болот.