Түркияда 5 жаштагы бала “Жөргөмүш адамды” туурагысы келип 5-кабаттан секирди. Бул туууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, 5 жаштагы Берзан Коркмаз уюлдук телефондон көрүп жүргөн “Жөргөмүш адам” мультфильмдеги каарманга окшошкусу келип, 5-кабаттагы терезеден секирген.
Окуя учурунда үйдө баланын 3 жаштагы иниси жана тамак жасап жаткан чоң энеси болгон. Иниси чоң энесине окуя боюнча айткандан кийин гана баланын үйдө жок экени билинген. Көп өтпөй "Тез жардам" кызматы аркылуу Берзан ооруканага жеткирилген.
Ал эми ооруканадан бала үйүлүп турган кумдун үстүнө кулагандыктан, абалы жакшы экени айтылган. "Берзандын аман калышы өзүнчө керемет. Ал үйүлүп турган кумдун үстүнө түшүп, болгондо да отуруп калган", - деп билдирген ооруканадан.
Ошондой эле Берзан ооруканада: "Жөргөмүш адам" кулаган балдарды куткарат. Ал мени да куткармак болчу, бирок жетишпей калды", - деп айткан.