Бишкек шаарынын Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда.
Мындан сырткары, бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү иштери жүрүп, демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 жана №57 үйлөрдүн фасады сырдалууда.