Угандадагы мектепке кол салуудан 41 адам каза болду

Уганданын батыш чек арасындагы мектепке жасалган террордук кол салуудан 41 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, “Демократиялык союз күчтөрү” деп аталган козголоңчу топ Уганданын Мпондве районундагы мектепке куралдуу кол салуу уюштуруп, мектептин жатаканасын өрттөп жиберген.

Аталган аймактын өкүлү Селевест Мапозенин билдирүүсүндө 41 адам каза тапканын, алардын 38и окуучу экени белгилүү болгон.

Окуучулардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айткан Мапозе 3 кишинин бирөөсү коопсуздук кызматкери, ал эми экөөсү жергиликтүү жамааттын өкүлү экенин билдирген.

Эске салсак, “Демократиялык союз күчтөрү” 1990-жылдан бери Угандада ар кандай куралдуу кол салууларды уюштуруп келет. 2014-жылдан бери аталган өлкөдө миңдеген жаран каза болуп, жүз миңдеген адам жер которгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан