Курман айт майрамына байланыштуу өлкөдө 28-июнь эс алуу күн болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
"2023-жылга бекитилген өндүрүштүк календарга ылайык, бул майрам туш келген дата иш эмес күн деп жарыяланат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, мусулмандардын Курман айт майрамы мамлекеттик майрам болуп саналат. Бул жылы ал 28-июнда белгиленет.