Бишкекте агын сууларга, көлмөлөргө жана каналдарга түшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аптаптуу ысыкта суу коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иши борбор калаада күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
Алсак, министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь жана Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын тургундарына, өспүрүм жана кичинекей балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Анда шаардагы көлмө, агын суу, каналдарда түшүүгө болбой тургандыгын айтып, жаш балдарды ата-эненин көзөмөлүсүз суунун жээктерине барбоого чакырышкан. Ошондой эле суу коопсуздук эрежелерин камтыган нускама баракчалары жашоочуларга таратылган.