Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Атайын олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана активисттер 17-июнда болгон 2023-жылкы Атайын олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, масштабдуу спорттук иш-чарага Кыргызстандан 9 адамдан турган курама команда барды. Анын 6сы атлет спортчулары. Курама команда бадминтон, пауэрлифтинг жана стол тенниси сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча катышат.

Маалымат үчүн: 2023-жылкы Атайын Олимпиада оюндары Германиядагы 1972-жылкы Мюнхен Олимпиадасынан берки эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. 18-25-июнь күндөрү дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген миңдеген интеллектуалдык жана көп майыптыгы бар спортчулар спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан