Султанбаев: "Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер"

Белгисиз бирөөлөр "президенттин басма сөз катчысы" деп тааныштарган телефондук алдамчылык фактылары көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер.

"Акыркы убакта белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз, анын ичинде менин атымды айтып, өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү.

Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат.

Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат.

Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз.

Учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилди", - деп билдирди Султанбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан