Бүгүн, 19-июнда Бишкекте дыйкандар эски аянтта министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын имаратынын жанына митингге чыгышты. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.
Маалым болгондой, алар сугат суунун жоктугуна нааразы болушууда.
Митингге 40ка жакын дыйкан катышканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин Төмөнкү Чүй айыл аймагынын дыйкандары да сугат суунун жоктугуна нааразылыгын билдиришкен болчу.