Бишкек-Махачкала авиакаттамы жанданат 

Ушул жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиа компаниясы Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба каттамдар жумасына бир жолу - ишемби күндөрү аткарылат.

Эске салсак, Red Wings Airlines аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү каттамдарды аткарат.

«Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-06-19 17:02:00
кимге кереги бар ушул Зардалынын?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан