Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана жарандарды ысык суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан суу ташкындарын болтурбоо үчүн жылыткычтарды өчүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, борбор калаада ысык суу жыл сайын оңдоо иштерине байланыштуу бир айга өчүрүлөт. Бул жылы ысык суу 13-июнда өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар же сууроолор үчүн:

- керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 0312 61-11-69;

- диспетчердик кызмат: 0312 56-85-58;

- борбордук аймактагы курулуш системалары боюнча нөөмөттөгү инженерлер: (0312) 36-57-19, 30-07-67;

- түштүк аймагындагы курулуш системалары боюнча инженерлер: (0312) 51-06-22, 21-74-06.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jyparakenewbekova
2023-06-19 17:35:00
Супер инфо козунорду чон ачып жазгыла суу 22 майда эле очкон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан