Министрдин орун басары жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын коммерциялык директору коррупцияга шектелип кармалды

Кечээ, 18-июнда энергетика министринин орун басары М.Ж. жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кармалгандар Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча колго түшүрүлгөн.

Аталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Атайын кызматы энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору коррупцияга шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан