Республикада бир жумада 22 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда акыркы жумада 21 миң 839 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 233;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 228;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 59;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 641;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5321;
- авто ээнбаштык - 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3609;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 ми741;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 640 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан