Казакстандын Караганда облусунда катуу соккон шамалдын таасиринен "жасалма аянтчанын бир бөлүгү" чыгып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, катуу шамал болуп жаткан учурда, аянчада үч бала ойноп жүргөн. Күтүүсүздөн "жасалма аянтчанын" бир бөлүгү жулунуп, ойноп жаткан балдар кырсыкка кабылган. Жергиликтүү тургундар балдарды кармап калууга аракет кылышкан, бирок бир бала катуу жаракат алган. Учурда жабырлануучу ооруканада экени айтылууда.
"Баланын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, бирок коркуп калган. Кабыл алуу бөлүмүнүн шартында текшерүү жүрүп жатат", - деп билдиришкен Саламаттыкты сактоо департаментинен.