Казакстанда Григорий Лепстин концерти өтпөй турган болду

Казакстандын Конаев шаарында орусиялык ырчы Григорий Лепстин 8-июлга белгиленген концерти болбой турган болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Белгиленгендей, орусиялык ырчы Григорий Лепстин концерти тууралуу чечим казакстандыктардын нааразычылыгынан улам кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда ырчылар Григорий Лепс, Николай Басков, Юрий Антонов, Елена Север, ошондой эле телеалпаруучу Юлия Барановская Орусиядагы иш-чаралардын биринде Украинанын коргонуусунда турган немис танктарын талкалагандарга миллион рублдан төлөп берүүнү убадалашкан. Атактуулардын бул сөзү казакстандыктардын нааразычылыгын жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан