"Манас" аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 тоннадан ашык тамеки аныкталды  (фото)

"Манас" аэропортунан баасы дээрлик 3 миллион сомдук 2 тоннадан ашык контрабандалык жол менен ташылып келинген тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө "А.Т.Т." ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Респубоикасынын салык мыйзамдарын бузуунун белгилери аныкталган.

Армениядан Кыргызстандын аймагына Түркия аркылуу транзиттик жол менен "А.Т.Т." ЖЧКнын дарегине жалпы салмагы 2 399 килограмм - 850 миң даана тамеки келген.

Белгиленген факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы 2 890 000 сомду түзгөн. Ошондой эле «А.Т.Т.» ЖЧКсы акциздик маркаларды алуу үчүн салык органына кайрылбаганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча тиешелүү мекемеде катталып, материалдар мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан