Атактуу футболчу Лионель Месси өлкөнүн дүйнөдөгү имиджин көтөрүү үчүн Сауд Арабиянын Туризм министрлиги менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул келишим боюнча Месси 3 жылдын ичинде болжол менен 25 миллион евро алат. Ал үчүн Лео Месси өлкөнү социалдык тармактарда жарнамалап, ошондой эле Сауд Арабияда үй-бүлөсү менен эс алуу күндөрүн өткөрүшү керек. Аргентиналык жаран өлкөдөгү эс алуудан түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасына жарыялашы керек.
Ошондой эле Месси Сауд Арабияны сындап жаза албайт.
2-майда футболчу Эр-Риядга "ПСЖ" клубунун уруксатысыз учуп кеткен жана андан кийин машыгуудан четтетилген. Месси сапарын токтото албастыгын айтса, айрым спорттук басылмалар Месси ушул эс алуусу үчүн эле 30 миллион доллардай тапканын жазышты.