Астанада банк кызматкерлерин барымтага алган кылмышкер: ИИМ министри өзүн барымтага сунуштаганын айтты

Коңшу Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов 18-июнда Астананын борборундагы "Kaspi Bankтын" филиалын басып алган Алихан Мурадовго өзүн барымтага алууну сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Министр журналисттерге окуя учурунда кылмышкер менен өзү телефон аркылуу байланышта болуп турганын билдирген.

"Тергөө жүрүп жаткандыктан азыр толук маалымат бере албайм. Ооба, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм, адегенде телефон аркылуу сүйлөштүм, анан киргенде барымтадагы адамды бошотуп берүүсүн сурандым. Ал макул болбогондуктан атайын кызматтын аракеттерине өттүк. Сүйлөшүп жаткан башка адамдар да болду. Мен ага кармалган кыздын ордуна мени барымтага алуусун сурандым, бирок макул болгон жок", - деген Ахметжанов.

Эске салсак, кечээ, 18-июнда Астананын Достык проспектисинде жайгашкан "Kaspi банктын" филиалын бир адам басып алган. Алдын ала маалымат боюнча имаратта барымтада 7 адам калган жана алардын баары банк кызматкерлери экени маалымдалган. Кийинчерээк спецназдар барымтадагылардын бардыгын бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан