Футбол: Омандын башкы машыктыруучусу Кыргызстан Тажикстанга караганда күчтүү экенин айтты

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Түркмөнстан менен Тажикстанга караганда күчтүү. Бул тууралуу Оман курамасынын башкы машыктыруучусу Бранко Иванкович маалымат жыйында айтты.

"Кыргыз курамасы менен алты айдан кийин Азия Кубогунда кез келебиз. Бул беттеш атаандашты азыртадан изилдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биз Кыргызстан курамасын сыйлайбыз. Анткени бул курама команда биздин мурунку атаандаштарыбыз Түркмөнстан менен Тажикстанга караганда күчтүүрөөк деп эсептейм. Эки команда үчүн бул оюн абдан кызыктуу жана маанилүү болуш керек", - деген Иванкович.

Белгилей кетсек, "CAFA Nations Cup 2023" турниринин алкагында Кыргыз курамасы Оман менен эртең, 20-июнда Ташкентте ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан