15-июндан тарта Бишкектен Грозныйга авиакаттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалым болгондой, каттамды орусиялык "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарууда.
"Чечен Республикасынын борборуна каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылат", - деп айтылат билдирүүдө.
"Манас" аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.