"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда күн мурун Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттам суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда.
"Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти", - деп айтылат билдирүүдө.