Казакстанда 9-класстын беш окуучусу сууга чөгүп, алардын бири каза тапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя 18-июнь күнү болгон. Анда Өзгөчө кырдаалдар департаментине Актау шаарынан 63 километр алыстыкта сууга тушүүгө тыюу салынган аймакта 9-классты аяктап жаткан беш өспүрүм сууга чөгүп жатканы боюнча билдирүү келген.
Окуя болгон жерден үчөөсү өз алдынча суудан чыгышса, эки өспүрүмдү окуяга күбө болгондор суудан алып чыккан. Бирок 2007-жылы туулган өспүрүмдөрдүн бири ооруканага бара жаткан жолдо унаанын ичинде каза болгон. Үч кыз ооруканага жаткырылган, алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Ал эми 2008-жылы туулган дагы бир кыз оор абалда реанимацияда жатат.
Учурда каза болгон өспүрүм боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалууда.