Ошто 20 миллион сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Ош шаарында 20 миллион сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 миллион 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан