Кыргыз шоу-бизнесинин сахна ханышасы аталып келген ырчы Айгерим Расул кызы күйөрмандарына ары кызыктуу, бири-бирине окшобогон өзгөчө сүрөт, видеолорун инстаграм баракчасына байма-бай тартуулап турат. Көргөн адамдын көзүн кубанткан ырчы 6 миллион катталуучусу менен өлкөдөгү көрүнүктүү инсандардын сап башында.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын учурда 3 миллион 800 миң катталуучусу бар. Учурунда 1 миллион катталуучум бар деп той берген ырчы акыркы учурларда инстаграмга эмес, кино жаатына көбүрөөк көңүл буруп жаткан өңдөнөт.
Бирде Казакстанда, бирде Дубайда, айтор жаны тынбай чуркап жүргөн ырчы Анжелика Кайратова учурда убактысынын көбүн бизнеске арнап жаткандай. Себеби бир жылдан ашуун убакыттан бери инстаграм баракчасындагы күйөрмандардын саны 3 миллион бир жүздөн аша элек.
Кыргыз шоу-бизнесинин мега жылдызы ырчы Нурлан Насип ырчы мырзалардын арасында катталуучуларынын саны боюнча сап башында келе жатат. Хит чыгармаларды биринен сала бирин жаратып жаткан ырчынын катталуучуларынын саны учурда 3 миллион.
Ал эми күйөрмандарын жылмаюусу менен арбап алган ырчы Данияр Эрматовдун 2 миллион катталуучусу бар.
Бойдокчулук менен кечээ гана коштошуп, "моюнуна каамыт" илинген ырчы Алмаз Шаадаевдин учурда 1 миллион 200 миң катталуучусу бар.
Булардан сырткары кош жылдыздар Аваз Акимов жана Айдана Дека учурда арты-артынан чыгарма жаратып, клип тартып баракчаларын кызыктуу алып барып жаткан чагы. Учурда Аваз Акимовдун 1 миллион 700 миң катталуучусу бар болсо, Айдана Деканын 2 миллион 200 миң катталуучусу бар.