Биз социалдык тармакта

Июндун башынан тарта бензин дээрлик 1,5 сомго кымбаттады

Өлкөдө бензин июндун башынан тарта дээрлик 1,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"АИ-95 үлгүсүндөгү бензин айдын башында 60 сом 22 тыйын болсо, учурда 61 сом 54 тыйындан сатылууда. АИ-92 1 сом 43 тыйынга кымбаттады. Ал эми дизелдик отун тескерисинче, 60 тыйынга арзандап, учурда 1 литри 71 сомдон сатылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин мунай ташуучулар ассоциациясы июнда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 3 сомго чейин кымбаттайт деп эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан