Өзбекстандын бир катар аймактарында куюндун таасиринен 40 миңден ашык адам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, куюн Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд, Жизах облустарында жана Ташкентте болгон. Анын кесепетинен 40 миңден ашуун жаран, анын ичинде Навои шаарында 23560, Жиззакта 12250, Самаркандда 9000, Бухара облусунда 6000 абонент электр жарыгысыз калган.
Учурда жабыркагандар тууралуу так маалымат жок. Өзбекстандын батыш аймактарында абал турукташууда, ал эми Ташкент шаарында дагы деле куюндун болуп жатканы кабарланууда.