
Кыргызстанда 3-июлдан баштап транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүдө сөзсүз түрдө жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун же жубайынын катышуусунда кол коюлган макулдук жөнүндө арызды көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен кабарлашты.
Мекемеден билдиргендей, жубайлардын никеге турганда сатып алган мүлкү, анын ичинде транспорт каражаттары, орнотмолор жана жабдуулар алардын биргелешкен менчиги болуп саналат.
Эгерде кыймылдуу мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги болуп саналса (никеге чейин сатып алынган, мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек) же биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүү мурда жүргүзүлсө же ажыратуучу жак никеде турбаса), ошондой эле эгерде жубайлардын ортосунда түзүлгөн нике келишиминде же башка келишимде мүлккө карата менчиктин өзүнчө режими каралбаса жубайынын/жолдошунун макулдугунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын талап кылбастан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле мекеме жарандардан транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ажыратууда өлкөнүн үй-бүлөлүк мыйзамдарынын нормаларын сактоону суранды.