Чолпон-Атада волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттук лигасы өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттук лигасы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан, Монголия жана Непалдын курама командалары катышууда.

Ага ылайык, оюндун салтанаттуу ачылыш аземине “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев жана Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.

Оюн башталгандан бери Кыргызстан жаштар курама командасы Түркмөнстан курама командасын 3:1 эсебинде жана Өзбекстан курама командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, 18-июнда башталган оюн 25-июнга чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан