"Нарын дарыясына түшүп кеткен болушу мүмкүн". Таш-Көмүрдө 7 жашар бала дайынсыз жоголду

Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

"Бала Нарын дарыясына түшүп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдонууда. 19-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 18 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн издөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан