Түркияда төрт кишинин ашказанынан 840 грамм баңгизат табылды

Түркиянын Диярбакыр аймагында 4 жарандын ашказанынан 840 грамм героин чыкты. Бул тууралуу TRTHABER басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Чыгыш региондордон келген унаа Багжылар аймагында тиешелүү органдар тарабынан токтотулган. Унаанын ичиндегилерди текшерүү учурунда эч кандай далил табылган эмес. Бирок шектүүлөрдүн кыймыл-аракетинен тынчсыздануу байкалып, өздөрүн ыңгайсыз сезгендиктен аларды ооруканага жеткиришкен.

Бейтапканада жарандардын рентгенографиясынан ашказанда 121 даана же 840 грамм героин бар экени белгилүү болгон.

Учурда шектүүлөр кармалып, соттун чечими менен "баңгизаттарды же стимулдаштыруучу заттарды сатуу" деген айып менен камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан