Сокулукта мурдагы жубайынын жигитин өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июнда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө А.Н.М.нын жансыз денеси тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Х.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ектүү Х.И. мурдагы жубайынын үйүнө келип, ал менен жаңыдан чогуу жашап жаткан А.Н.М.ны көргөн. Алардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, Х.И. А.Н.Мны бычактап өлтүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан