Ушул жылдын 11-июнунда Самара-Бишкек-Самара багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан маалымдашты.
Белгиленгендей, каттамды орусиялык "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу – ар жекшемби күндөрү аткарат.
"Манас" аэропорту каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.