
Шопоков шаарындагы ири өрткө кошумча дагы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Учурда жалпысынан жеринде 8 күжүрмөн эсеп тартылды. Өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Сокулук районунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында нефтебазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, буга чейин өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу өрт өчүрүп жатышкан.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.