Кыргызстанга 5000 литр спиртти мыйзамсыз алып келгендер аныкталды 

Курамында спирт бар продукцияларды мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ЕАЭБдин товарлары үчүн чек ара бекеттери аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, “К.Ф.А.” ЖЧКсы тарабынан 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген фактысы аныкталды.

"Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын болушу, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан