Бишкектеги Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери 10 жылдан кийин башталды

«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясын күчөтүлгөн кол жана механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тазалоо – Ала-Арча дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы биринчи кадам. Скрябин жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Ахунбаев көчөсүнө чейин иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тазалоо иштери мэрдин орун басары Ж.Шамыралиевдин жетекчилиги алдында жүрүүдө.

Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, мындай иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан