Милициянын Кайгуул кызматы буга чейин милиция кызматкерлери менен автобустун айдоочусу жаңжалдашкан окуя боюнча үн катты.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, "Коё бер, түшпөйм" деп кыйкырган айдоочу милиция кызматкерлери токтотконуна карабай качып кеткен.
"Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде 1982-жылы туулган К.Д. аттуу автобустун айдоочусу жол чийиндер чийилип жаткан маалда сырдалган жерлерди тебелеп өткөн. Аны кызматкерлер токтотконуна карабастан качып кеткен. Андан кийин ал Чүй жана Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулуп, жалпы суммасы 20500 сомго айып протоколдору толтурулду", - деп билдиришти Кайгуул кызматынан.
Ошондой эле айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.