Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жайгашкан темир жолу бекетинин аймагында нефтебазадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашьы.
Өрттү өчүрүүгө жалпы жерине 8 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, Кыргыз темир жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы тартылган.
Өрт саат 18:06да чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.