Бишкекте «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы көчөлөрдүн 8 тилкесинде тротуарларды куруу иштерин улантууда. Тротуардын жалпы узундугу 14 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда:

- Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

- Чүй проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

- Горький көчөсү Карасуу көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин (түндүк тарабы);

- Фучик көчөсү «Газпром-Кыргызстан» ААКсынын кеңсесинен Рыскулов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

- Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

- Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Донецкий көчөсүнө чейин.

"Мындан тышкары, Садырбаев көчөсүн бойлой Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин чыгыш тараптан 2800 погон метр тротуар орнотулган веложол бүтүрүү алдында турат. Жакында Шабдан Баатыр көчөсүнүн эки тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин тротуар жабдылат", - дешти мекемеден.