Орусиянын телеканалдарынан Кыргызстандын туризми көрсөтүлөт

Ысык-Көл телерадиокомпаниясы Орусиянын эки аймактык каналы: Свердлов райондук телерадиокомпаниясы жана Челябинск телекөрсөтүүсү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Ысык-Көлдө туризм тууралуу ар кандай видеороликтерди тартабыз, орустар өз телеканалдарынан көрсөтөт", - дейт Ысык-Көл телерадиокомпаниясынын директору Гүлнура Баякунова.

Жалпысынан Кыргызстанга орусиялык маалымат каражаттарынын 17 өкүлү келди. Алар үчүн Ысык-Көлдүн кооз жерлерине пресс-тур уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан