"Бир кабинети заманбап технологиялар менен камсыздалат". Жылдын "эң мыкты мектеби" аныкталды

Кечээ, 20-июнда 2022-жыл жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышкан. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырган.

"Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш-чара уюштурулуп келген. Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, ачык айкын жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен “Эң мыкты” деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат. Албетте, ар бир сынакта жеңүүчүлөр чыгат, бирок биз үчүн сиздер, баарыңыздар мыктысыздар”, - деп билдиргенТоктобүбү Ашымбаева.

Рейтингдин жыйынтыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби "Эң мыкты мектеп" наамына татыган. Ошондой эле үчтүккө Кара-Балта шаарындагы №6 гимназиясы менен №67 мектеби кирген.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара өлкөнүн мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-21 11:01:00
Билими жок, чыгармачылыка аралашпаган, ыр укпаган адамдар орой, жакыр жана бактысыз болушат. Билим инсанды калыптандырат жана өзүн-өзү тарбиялоо, максатка умтулуу, толеранттуулук, жаңы маалымат булактарына умтулуу жана башкалар сыяктуу жеке сапаттарды көтөрөт. Бизге мечиттерди эмес, мектептерди куруп, билимдин сапатын жогорулатуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан