Грециянын жээгиндеги кемеде болгон кырсыкта каза болгондордун саны 82ге жетти. Бул тууралуу Грециянын AMNA мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, окуя Грециянын Пелопоннес аралындагы Наварино шаарынан 87 чакырым аралыкта болгон. Анда мигранттарды мыйзамсыз ташыган кеме оодарылып кеткен. Айрым маалымат булактарына караганда, кайыкта 700дөй адам болгон. Алардын 104ү куткарылса, 82 мигранттын сөөгү табылган. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин Греция өкмөтү эскертип жатат.
Ал эми адамдарды мыйзамсыз ташыган деген шек менен 9 египеттик жаран кармалган. Учурда шектүүлөр күнөөсүз экенин айтышууда.
Грециянын Жээк коопсуздук кызматы берген маалыматта кеме оодарылып кеткенге чейин анда суу жана тамак-аш жетишсиз болгону, айрым мигранттар ачкачылыктан каза болушу мүмкүн экени айтылууда.
Учурда мигранттарды издөө, кырсыкты изилдөө иштери жүрүп жатканы кабарланууда.