Депутаттар Эдил Байсаловду отставкага кетирүүнү сунуштады

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселе көтөрүштү.

Төрага Нурланбек Шакиев Байсаловдун кечээ Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзү жана андан кийинки берген маектери боюнча маселе көз жаздымда калбай турганын белгиледи.

"Мен дароо эле Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп катуу эскертүү бердим. Бул биринчи жолу эмес, Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу органы менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартипке чакырылышы керек",- деди Шакиев.

Ошондой эле ал бүгүн президент менен да бул маселе боюнча сүйлөшөрүн билдирди.

"Министрлер кабинетинин орун басарлары же мүчөлөрү Жогорку Кеңештин кадыр-баркына шек келтирүүгө укугу жок, ага жол бербейбиз. Жогорку Кеңеш өкмөткө талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга конституциялык укугу бар, ошонун негизинде иш алып барабыз. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын өйдө-төмөн сөзү үчүн коомчулукта туура эмес түшүнүк болбошу керек. Керек болсо, анын кызмат орду боюнча да маселени кароого убакыт келди деп ойлойм", - деди төрага.

Ошондой эле ал бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү жакшылыкка алып барбай турганын кошумчалады.

Бул пикирди депутат Айбек Осмонов да кубаттап, "элдин атынан сүйлөбөй эле койгула" деген сөзү үчүн жооп беришин талап кылды. Ал эми эл өкүлү Эрулан Кокулов Эдил Байсаловду отставкага кетирүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан