Жалал-Абад шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, 21-22-23-июнь күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин Жалал-Абад шаарында юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандык, үй- бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты каттоо, аткаруу өндүрүшү жана башка маселелер боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү уюштурулат.
"Жардам алуу үчүн жарандар шаардык мэрияга кайрылуусу керек", - деп белгилешти мэриядан.