Талайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКтын төрагасы болчу.