Бишкек шаарында 76 окуучу артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
"Анын ичинен 55и муниципалдык мектептердин, 21и жеке менчик мектептердин окуучулары", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик “Алтын тамга” аттестациясынан 167 окуучу өтүп, анын 33 пайызын борбордогу мектептердин окуучулары түзөт.