Боом капчыгайында жол ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирет.
"Учурда Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолунда транспорт эч тоскоолдуксуз өтүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 20-июнда нөшөрлөп жааган жаандан кийин Боом капчыгайына кире бериш жерде сел жүргөн. Кыймыл бир тараптуу уюштурулуп, жеринде атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.