Бишкекте Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөктөгү жаңы жарыктарды талкалап кетишти. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта мындай көрүнүш биринчи жолу эмес экени айтылат.
Белгилей кетсек, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын бригадасы аталган өтмөктө 5 жаңы прожектор орнотуп, 70 метр кабель тартышкан.
Калаа мэриясы жарандардан муниципалдык менчикти сындырбоого жана зыян келтирбөөгө чакырат.